Садыр Жапаров агасынын алтын кармап, түшкөн сүрөтү боюнча «Кабар» агенттигине жооп берди.

Сиздин бир тууган агаңыз Сабыр Жапаров кайсы бир өлкөдө алтындын куймасын кармап түшкөн сүрөтү бар эле го? Ошол сүрөттү коюп, биздин алтынды чет өлкөгө сатып жатат деген кепти айтып жатышпайбы? Бул боюнча кандай жооп бересиз?

— Ал сүрөт боюнча мен буга чейин эле жооп бергем. Бирок дагы бир жолу элге маалымат үчүн жооп берип коеюн. 2021-жылы биз “Кумтөрдү” мамлекетке алгандан кийин дароо эле чет өлкөлүк, тагыраагы, эл аралык алтын саткан LBMA уюму биздин алтынды экспортко чыгарууга тыюу салган. Ошол мезгилде бизге дүйнөнүн булуң-бурчунан ар кайсы өлкөлөрдөн келишип, “силерден алтын сатып алабыз, бизге арзан баада бергиле” деп сунуштарын бере башташкан. Мага да, өкмөткө да көптөгөн сатып алуучулар келип турушкан. Иши кылса сатып алуучулар жайнап кетишкен.

Ошондо бир тууган агам Сабыр Жапаровду түркиялык алтын менен иштеген бизнесмендер чакырып, өздөрүнүн алтын заводун көргөзүшкөн экен. Алар деле силердин алтынды биз сатып алалы, арзаныраак бергиле дешкен. Ошол жерде түшкөн сүрөтү экен. Эгер ичинде кенедей бир арам ою болгондо, ал жерде алтын кармап сүрөткө түшмөк эмес да.

Бирок ошентсе да ал окуя боюнча агама: “Сиз мамлекеттин ишине кийлигишпеңиз. Мамлекет өзү чечет”,- деп абдан катуу айткам. Албетте, ошол кезде мен жаңы бийликке келип, иштерибиз жакшы жылбай жатса, агамдын деле мамлекеттин иши алдыга жылып кетсе экен деген жакшы ою болгон.

Бирок биз ошол мезгилде бир жыл бою бир килограмм да алтын саткан эмеспиз. Алтындын баарын Улуттук банкта сактап турганбыз. Кийин “Центерра” менен тил табышып, “Кумтөрдү” алып, жакшынакай эки жолго түшкөндөн кийин, мурдагыдай эле, Улуттук банк аркылуу дүйнөлүк баада сата баштаганбыз. Азыркыга чейин алтындарыбыз дүйнөлүк биржада сатылып жатат.

От admin