Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-майда Кыргызстандын банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Урматтуу банк системасынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Банк кызматкерлеринин кесиптик майрамы өз алдынча экономикалык саясат жүргүзүүгө негиз салган, эгемен Кыргызстан үчүн тарыхый окуя саналган улуттук валютабыз – кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилиши менен түздөн-түз байланышта.

Бүгүнкү күндө банктар — финансылык ортомчу кызматын көрсөтүү менен экономиканын маанилүү секторлорунун бири. Алар экономиканын артыкчылык берилген тармактарын каржылоо, заманбап банк кызматтарын сунуштоо аркылуу өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө.

Өлкөбүздүн банк сектору негизги көрсөткүчтөрдүн олуттуу өсүшүн, анын ичинде насыя көлөмүн көбөйтүү, депозиттик базаны жана капиталды өстүрүү менен өзүнүн туруктуу өнүгүүсүн улантууда.

Азыркы заманбап шартта санарип технологияларынын өнүгүүсүн, дүйнөлүк тенденцияны жана чакырыктарды эске алганда, банк секторуна санарип инфратүзүмдүн потенциалын өстүрүүнү, инновациялык өнүмдөрдү кеңири колдонууну, туруктуу каржылоо принциптерин жана жашыл экономиканы ишке киргизүүнү тездетүүсү зарыл.

Урматтуу банк системасынын кызматкерлери, банк системасынын алдына коюлган милдеттерди заманбап шарттарда ийгиликтүү аткаруу банк кызматкерлеринен тажрыйбага бай чыныгы кесипкөйлүктү, жогорку квалификацияны жана алдыңкы билимди талап кыларын дайыма айтып келебиз. Себеби бүтүндөй өлкөнүн экономика тармагы, анын акча-кредиттик саясаты сиздердин натыйжалуу ишиңиздерге байланыштуу.

Сиздердин ишке болгон кесипкөй мамилеңиздер, ак ниет эмгегиңиздер экономикалык өнүгүүдөгү каржылык туруктуулукту камсыз кылган жана жарандардын банк системасына болгон ишенимин арттырган негизги факторлордон болуп саналат.

Кыргызстандын бакубат келечеги үчүн арымдуу кадам таштай берүүңүздөргө тилектешмин.

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайм. Өлкө үчүн кылган ак кызматыңыздарды ар дайым ийгиликтер коштосун!”.

От admin