Президент Садыр Жапаров өткөн аптада мамлекеттик циркке барып, имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүүгө буйрук бергенин президенттин иш ашкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Туманбаевдин айтымында, имарат 1976-жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. «Азыр биз реконструкциялоону баштайбыз. Балдар жагымсыз жыт сезбеши үчүн биринчи кезекте вентиляция жана жылытуу системасын оңдоо керек. Баардыгы жаңы технология боюнча жасалат», — деди ал.

Маалыматка караганда, имарат 3 айга жабылып, кызматкерлер эмгек өргүүсүнө чыгарын билдирди. Кийинки жумада жетекчи белгилегендей, толук кандуу иш башталат жана ал 5 айга чейин созулат.

От admin