Бишкектин чыгыш бөлүгүндө эки жума бою жол тыгыны күчөшү мүмкүн

Алдыда диаметри 900 мм болгон түтүк оңдолот. Ал жер жакында эле гидравликалык сыноодон кийин жарылган. Бул аймактагы түтүктөр 35 жылдан бери иштеп келет.

“Бишкек жылуулук тармагы” ААКсы Чүй проспектисин бир бөлүгүн Төрөкул Айтматов көчөсүнөн 7-Апрель проспектисине (Чыгыш-5 кичи району) чейин жабат. Тагыраагы, батыштан чыгышты көздөй бараткан үч тилкенин бири гана ачык болот. Жолдун түндүк тарабына чектөө киргизилбейт

От admin