2024-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев ЕККУнун Конфликттердин алдын алуу борборунун Директору, Башкы катчынын орун басары Кэтрин Ферон айым жетектеген ЕККУнун делегациясын кабыл алды.

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Кыргыз тарабы иш сапарга жана КРнын укук коргоо, күч органдарынын потенциалын чыңдоого багытталган долбоорлоруна көрсөткөн колдоосу үчүн ЕККУ борборуна ыраазычылык билдирди. Министрдин биринчи орун басары А.Исаев кыргыз тарабы ЕККУну тең укуктуу жана өз ара урматтоо диалогу үчүн маанилүү көп тараптуу аянтча катары караарын белгиледи.

Өз кезегинде К.Ферон айым Кыргыз Республикасы Уюмдун маанилүү өнөктөшү жана катышуучу өлкөсү экендигин баса белгилеп, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен ЕККУ Академиясынын ишмердүүлүгүнө туруктуу колдоо көрсөтүп келатканы үчүн кыргыз тарабына ыраазычылык билдирди.

Тараптар өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча кызматташууну активдештирүү зарылдыгына макул болушту жана жакынкы келечекке карата пландарды белгилешти.

От admin