A777KZN

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде, Казакстандын Астана шаарына болгон расмий сапардын алкагында өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев менен тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-чек ара жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-казак кызматташтыгын тереңдетүүнүн артыкчылыктуу маселелери талкууланды.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине Казакстандын бир катар аймактарындагы суу ташкынына байланыштуу боордоштук гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Мындан башка ал бүгүн тараптар тарыхый документке – Союздук мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимге кол коюп жатканын, ал казак-кыргыз байланыштарын өнүктүрүүгө жаңы дем берерин белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык жыл сайын кеңейип жатканын айтты. Өткөн жылы өз ара товар жүгүртүү 1,5 млрд долларга жетип, 26% га өскөн. Ал бул көрсөткүчтү 2 млрд долларга чейин көтөрүү керектигин баса белгиледи.
Президент Садыр Жапаров жылуу кабыл алуусу, меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстан эң жакын коңшу, Кыргыз Республикасынын тышкы саясатындагы өзгөчө артыкчылыктуу орунга ээ болгон боордош мамлекет экенин белгиледи.
Мамлекет башчысы эки тараптуу мамилелердин мүнөзү эки элдин жалпы тарыхый тагдыры менен алдын ала аныкталганын баса белгиледи. “Кыргыз жана казак элдерин нечен кылымдардан бери келе жаткан достук, боордоштук, ынак коңшулук, орток маданий, руханий, диний баалуулуктар жана каада-салттар байланыштырып турат”, — деди президент Садыр Жапаров.
Ошондой эле ал Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи. Мамлекет башчысы соода-экономикалык кызматташтык өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелери боюнча динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи. Тараптар жакынкы келечекте боордош эки элдин кызыкчылыгында ишке ашырыла турган күн электр станцияларын, ферросплав заводун, индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу сыяктуу эки тараптуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.
Соңунда эки тарап тең стратегиялык өнөктөштүк жана союздук мамилелердин духунда бардык багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтуларын тастыкташты.

От admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *