
Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө мамлекеттик бюджеттен 20 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү агенттигинин директорунун орун басары Эрденет Касымов Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Жыйында депутат Махабат Мавлянова мурда бюджеттин эсебинен аймактарда курулган туристтик респоинттердин айрымдары учурда иштебей, талкаланып жатканын сынга алды. Анын айтымында, мындай объектилерди жеке ишкерлерге жеңилдетилген шарттар менен берип, туризм тармагын өнүктүрүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүү зарыл.
Депутат ошондой эле Кыргызстандагы кооз жаратылыш аймактарын пайдалануу менен туристтерди тартуу аркылуу айылдарды өнүктүрүүгө болорун белгиледи.
Бул маселе Жогорку Кеңештин профилдүү комитеттеринде биринчи окууда каралган «Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө» мыйзам долбоорунун талкуусунда көтөрүлдү.
Комитет төрагасы Кубанычбек Самаков мыйзам долбоорун тездетилген тартипте үч окууда кабыл алуу сунушу бир катар депутаттык топтордон түшкөнүн маалымдап, комитет мүчөлөрү аны колдошту.