
Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамга бир нече өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун парламент депутаты Мирлан Жээнчороев даярдап, ал коомдук талкууга чыгарылды.
Депутаттын айтымында, азыр бери жагы 500 миң нары жагы 700 миң кыргыз жараны чет жакта иштеп жүрөт, айрым маалыматтар боюнча алар 1 миллионго жетет. Ал эми расмий маалыматтар боюнча, 327 миңдей жаран чет өлкөдө мигрант болуп жүрөт. Алардын көбү Россия менен Казакстанда иштешет.
Айрым маалыматтар боюнча, чет жактагы мекендештер которгон акчалар өлкөнүн ички дүн продукциясынын 15-17%ын түзүп келет. Алар бөтөн жерде жумуш гана кылбастан ал жакта да, Кыргызстанда да коомдук, укук корогоочулук, меценаттык иштерди кошо ала жүрүшөт. Арасында өлкөнүн ири инвесторлору болгондору бар.
Бирок шайлоого келгенде алар Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлана албай калат. Себеби мыйзамда “депутаттыкка талапкер соңку беш жылда Кыргызстанда жашаган болуш керек” деген талап бар. Жээнчороев чет жакта жашап, иштеген мекендештер депутаттыкка ат салыша алышы үчүн жанагы талапты алып салууну сунуштоодо.
Ошондой эле ал депутаттыкка талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебине төгө турган шайлоо күрөөнү эки эсе азайтууну – азыр ал 300 миң сом болсо, аны 150 миң сом кылууну сунуштап жатат.
Андан тышкары, сунушка ылайык:
• Үгүтчү бир округдун чегинде бир талапкер же партияга эле иштей алат деген талап киргизилгени жатат.
• шайлоо фондунун эн жогорку чегин 20 млн сомдон 10 млн сомго чейин түшүрүү сунушталууда.