
Белгилүү кыргызстандык балбан, Олимпиада оюндарынын байге ээси жана дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Мээрим Жуманазарова социалдык тармактагы баракчасына сүйүктүүсү менен түшкөн жаңы сүрөтүн жарыялады.
Жарыяланган сүрөттөн алардын чет өлкөдө эс алып жүргөнүн байкоого болот. Спортчу жеке жашоосу тууралуу көп маалымат бөлүшпөгөнү менен, бул жолу күйөрмандары анын жан шериги менен болгон көз ирмемин көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Белгилей кетсек, Мээрим Жуманазарова — Кыргызстандын эң ийгиликтүү спортчуларынын бири. Ал күрөш боюнча Олимпиада оюндарында коло медаль жеңип, дүйнө жана Азия чемпионаттарында байгелүү орундарды ээлеп келген. Спортчу эл аралык мелдештерде өлкөнүн намысын татыктуу коргоп, кыргыз спортунун өнүгүшүнө чоң салым кошуп келет.