
Чүй облусунун Кемин районундагы Чоң-Кемин өрөөнүндө 11-июлда «Ак Илбирс ЭкоФест Чоң-Кемин 2026» экологиялык фестивалы өтөт. Иш-чара Шабдан айылындагы ипподромдун аймагында уюштурулат.
Быйылкы фестиваль «Ак илбирс: Эко-билим берүү — Кыргызстандын туруктуу келечегинин негизи» деген ураан алдында өтөт. Анын негизги максаты — экологиялык аң-сезимди жогорулатуу, жаратылышка жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу жана ак илбирсти коргоо маселесине коомчулуктун көңүлүн буруу.
Фестивалдын алкагында экологиялык продукциялардын көргөзмөсү, сүрөт жана фотокөргөзмөлөр, балдардын сүрөт сынагы, этномаданият жана экология боюнча мастер-класстар уюштурулат. Ошондой эле жаа атуу, күрөш, «Ак илбирстин секириги» сынагы, тайган-шоу жана каскадёрлордун көрсөтмөлүү программалары өтөт.
Мындан тышкары, «Ак илбирс жана жаштар — жаратылышты коргоодо» жана «BARS FASHION 2026 — Ак илбирстин мыкты костюму» аттуу студенттик сынактардын жеңүүчүлөрү сыйланып, чыгармачыл номерлерин тартуулашат.
Уюштуруучулар Кыргызстан элин жана өлкөнүн конокторун фестивалга катышып, ак илбирсти жана жаратылыш мурасын сактоо ишине салым кошууга чакырышты.