
Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев 22-июнда “75чилердин иши” боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда күбө катары көрсөтмө берди.
Соттон чыккандан кийин ал журналисттерге президенттик шайлоону быйыл өткөрүү тууралуу кайрылууга жакшы ниет менен кол койгонун айтты. Анын айтымында, кайрылууга кол койгондордун көбү өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана бийликтин чечимин колдоо максатын көздөшкөн.
Учурда “75чилердин иши” боюнча соттук териштирүү уланууда. 22-июндагы отурумда мамлекеттик айыптоочулардын өтүнүчү менен сот кайрадан жабык режимде өтүп жатат. Бул күнү сотко күбө катары мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да чакырылган.
Аталган иш боюнча мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы депутат Курманкул Зулушевге бир катар беренелер боюнча айып коюлуп, алар эч жакка чыкпоо тил каты менен боштондукта жүрүшөт. Ал эми кайрылууга кол койгондордун айрымдарына кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен айып тагылып, камакта кармалууда.