
11-апрелде Бишкек шаарында экстремалдык жана көчө спорт түрлөрү боюнча масштабдуу чемпионат уюштурулду. Иш-чара мэриянын тиешелүү департаменти жана экстремалдык спорт федерациясы тарабынан өткөрүлдү.

Мелдештер Ынтымак-2 паркында өтүп, паркур, BMX жана скутеринг багыттарын камтыды. Катышуучулар фристайл, акробатика жана трюктар боюнча өз чеберчиликтерин көрсөтүштү.
Ошондой эле иш-чарада туристтик, мотоспорт, лянги, мас-рестлинг жана армрестлинг боюнча атайын зоналар уюштурулуп, көрүүчүлөр үчүн кызыктуу программа түзүлдү.
Чемпионат көптөгөн спортчуларды жана көрүүчүлөрдү чогултуп, жогорку деңгээлде өттү.







