
Өлкө бийлиги Жогорку Кеңештин жаңы курамында мүмкүн болушунча көп улуттук азчылык өкүлдөрүн көргүсү келет. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди. Ал белгилегендей, кыргыз тилин өнүктүрүү курсу улуттук азчылыктардын укуктарын басмырлап, жумушсуздукка алып келбеши керек. “Конституцияда орус тилинин расмий макамы бекитилгенин эч кимибиз унутпашыбыз керек. Биз көп […]
Өлкө бийлиги Жогорку Кеңештин жаңы курамында мүмкүн болушунча көп улуттук азчылык өкүлдөрүн көргүсү келет. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Ал белгилегендей, кыргыз тилин өнүктүрүү курсу улуттук азчылыктардын укуктарын басмырлап, жумушсуздукка алып келбеши керек.
“Конституцияда орус тилинин расмий макамы бекитилгенин эч кимибиз унутпашыбыз керек. Биз көп улуттуу элибизди өнүктүрүшүбүз керек, улуттук азчылыктарды өлкөнүн бардык ички процесстерине аралаштырышыбыз керек”, — деди Байсалов.
Ал ошондой эле президент Садыр Жапаров баштаган реформалардын аркасында мамлекеттик тилдин кадыр-баркы кыйла өсүп, бүгүнкү күндө мамлекеттик органдарда иш кагаздарынын, жыйындардын көбү кыргыз тилинде жүргүзүлүп жатканын, мындан 10 жыл мурда элестетүү мүмкүн эмес экенин белгиледи.
Байсаловдун айтымында, министрлер кабинети мамлекеттик тилди билүү талаптары боюнча ийкемдүү саясатты карманат.
Ал Жогорку Кеңеште талкууланып жаткан “Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзам актыларына мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору министрлер кабинети тарабынан талаптардын тартибин аныктоону карай турганын айтты.
“Тил билүү талаптары акылга сыярлык болушу керек. Биз мамлекеттик тилди жетиштүү деңгээлде билбегендиктен эч кимди кызматтан кетирүүгө жол бербейбиз”, — деп баса белгиледи Байсалов.
Ал кошумчалагандай, айрым талаптар 2027 же 2028-жылга чейин гана күчүнө кирет жана бул иш-чаралардын толук аткарылышы 10-20 жылдын ичинде акырындык менен ишке ашат.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында бала бакчаларда жана мектептерде мамлекеттик тилди окутуунун ресурстарын чыңдоого, сапаттуу контентти: тасмаларды, мультфильмдерди жана китептерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Келерки жылы балдар адабиятына өзгөчө көңүл бурулуп, жүздөгөн адабий чыгармаларды кыргыз тилине которуу пландалууда.



