Алматынын кылмыш иштери боюнча райондор аралык соту Январь окуясы учурунда Алматы аэропортун басып алууга айыпталган жарандарга карата өкүм чыгарды.

«Азаттыктын» казак кызматы билдиргендей, сот журналист Айгерим Тлеужанды төрт жылга, активисттер Калас Нурпейисов, Нурлан Далибаев, Ермухамет Шилибаев жана Жанайдар Карменовду сегиз жылга кести.

Соттолуучулар жана алардын жактоочулары жогорку инстанцияга кайрыларын билдиришти. Адвокаттар иш көптөгөн процессуалдык мыйзам бузуулар менен сотко өткөн деп эсептешет.

«Эч кандай «Жаңы Казакстан» жок. Бул кылгандары адилетсиздик! Мени канча жылга соттошсо да башымды ийбейм, чөгөлөбөйм! Бул жерде 20 миң террорчу жөнүндө айткан Токаевди, жалган маалымат тараткан башкы прокурор Асыловду соттош керек болчу», – деди Тлеужан сот өкүм чыгаргандан кийин.

Бул иш боюнча сот былтыр мартта башталган. Тергөөнүн версиясына ылайык, Айгерим Тлеужан менен Калас Нурпейисов аэропорттун аймагында «коомдук тартип бузууларды уюштурганы» белгиленген. Айыпталуучулар муну четке кагышкан.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер 2022-жылы 2-январда башталган. Бир канча күнгө созулган тополоң башка аймактарга да жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон.

От admin