Бишкекте мурда чогуу жашаган аялын жана анын эки баласын өлтүрдү делген Чынтемир Аширалиевдин иши боюнча сот отуруму бүгүн Октябрь райондук сотунда башталды.

Жыйында прокурор шектүү издеринин баарын жок кылууга аракет кылганын айтты.

«Колдорунун манжа издерин сүрүп, кийимдерин жок кылууга аракет кылган. Машинасы менен кетип калган. Аширалиев менен аял киши 2010-жылы аял банкта иштеп жүргөндө таанышкан. Сүйлөшө башташып, 2012-жылы Ысык-Көлдө эс алып жүргөндө кокустан жолугуп, телефон номурларын алмашышкан. Аширалиев андан маал-маалы менен карызга акча алып, кайра кайтарып турган, анан экөөнүн достугу сүйүүгө айланып кеткен. Бирок, анын үй-бүлөсү бар болчу. Айыпталуучу аял менен байланышуу максатында аялынан жашыруун башка телефон сатып алган.

2014-жылы аял уул төрөп, аны Аширалиевге билдирген. Аял соттолуучудан жардам жана материалдык колдоо сураган, ошондой эле Аширалиевди аялына баарын айтып берем деп системалуу түрдө шантаж кылган. Айыпталуучу өзүнөн улуу аял менен болгон мамилеси үй-бүлөсүн талкалап, аброюна шек келтирет деп кооптонгон. Мындан тышкары, ал 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлигин коюуну чечкен. 

Тынымсыз шантаж чыр-чатакка алып келип, мамлекеттик айыптоочунун айтымында, аны өлтүрүүгө түрткөн. «15-февраль күнү кечинде аял Аширалиевге телефон чалып, аялына баарын айтам деген. Ал өлтүрүүнү чечкен. Түн жарымына жакын айыпталуучу анын үйүнө барып, балдары – 2005-жылы туулган кызы жана алардын жалпы уулунун үйгө кайтышын күтө баштаган.

Аларды күтүп, балдар бөлмөлөрүнө тарап кеткенде аялга бычак менен 9 жолу жаракат келтирген. Андан соң, кызынын бөлмөсүнө барып муунткан. Кызды өлдү деп ойлоп, уктап жаткан уулуна барат. Аширалиев жаздык алып, баланы муунтуп өлтүргөн. Соттолуучу андан ары эмне кыларын ойлонуп баштагандан кийин кыздын бөлмөсүнөн ызы-чуу угулган. Ал жерден анын терезеден кулап түшкөнүн көрүп, Аширалиев анын артынан түшкөн. Кире бериште айыпталуучу көзөмөл камерасын байкап калып, аны сындырууга аракет кылган, бирок ал ишке ашпай калган. Ал сыртка чыгып, кыздын сөөгүн көтөрүп, батирге киргизген – мунун баары камерага жазылып калган.

Аширалиев анын сөөгүн ваннага салып, чөктүргөн. Соттолуучу аялдын спирт ичимдигин ичип отуруп, кызы менен уруша кетип, кызы апасын өлтүрүп, кийин өз жанын кыюуга баргандай кылган. Бул үчүн ал бир бөтөлкө арак сатып алып, кыздын денесине кошумча жаракат келтирип, кыздын колуна бычак карматкан»,- деди мамлекеттик айыптоочу. 

Ал эми соттолуучу күнөөсүн мойнуна албай турганын билдирди.

Сот отуруму 26-июлга жылдырылды. Буга маркумдун эжеси көрсөтмөнү орус тилинде толук бере албаганы себеп болду. Кийинки отурумга котормочу алынат.

Белгилей кетсек, мыйзам ылайык жарандык иштер боюнча сот өндүрүшү мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт. Сот өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген адамга иштин бардык материалдары менен таанышып чыгуу, түшүндүрмө, көрсөтмө жана корутунду берүү, өз эне тилинде сүйлөө жана өтүнүч билдирүү, ошондой эле ушул Кодексте белгиленген тартипте котормочунун (сурдокотормочунун) кызматынан пайдалануу укугу түшүндүрүлөт жана камсыз кылынат. Сот актылары ишке катышуучу адамдарга сот өндүрүшү жүргүзүлгөн тилде тапшырылат. Ишке катышуучу адамдар чет тилдеги документтерди белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосун тиркөө менен берет.

От admin