Жашы жете элек өспүрүмдөрдү  мажбурлоо менен никеге тургузуу бул адам
укуктарынын фундаменталдуу түрдө бузулушу жана ага дуушар болгон жеке
адамдар гана эле эмес, жалпы коомдун сак-саламаттыгына терең терс
таасирин тийгизет.

Адамды никеге турууга мажбурлоо, ошого тете мажбурлап түзүлгөн никени
улантууга мажбурлоо Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин 174-
беренесине ылайык үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен
ажыратууга жазаланат.

Урматтуу жарандар эсиңиздерде болсун!  Кыз ала качуу же мажбурлоо менен
никеге тургузуу Кыргызстандын маданиятына жана каада-салттарына эч
кандай тийешеси жок жана калктын аярлуу тобунун укугун бузат!!!

ИИМдин Басма сөз кызматы

От admin