Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Ишимбек Муратбек уулу оор атлетика боюнча лицензиялык дүйнө кубогунда коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш Таиланддын Пхукет шаарында өтүп жатат.

Ата мекендик спортчу 67 кг чейинки салмакта, “А” тайпасында катышты.

“Түртүп көтөрүүдө” үч мүмкүнчүлүктүн ичинен экөнүү ишке ашырып, жыйынтыгында 122 кг көтөрүп алтынчы орунду ээледи.

“Жулкуп көтөрүүдө” үч мүмкүнчүлүгүн тең ишке ашырып, жыйынтыгында 172 кг көтөрүп, кичи күмүш байгени багындырды.

Ал эми жалпы эки дисциплинанын жыйынтыгы боюнча 294 кг көтөрүп, 3-орунду камсыздай алды.

От admin