Интернетте бети-башы баткак болгон баланын видеосу кызуу талкууланууда. Ишкер Бакай Өмүралиев социалдык тармактагы баракчасына бул баланы издеп жатканын, тапса ага «Камбар ата тукумунан» бирди мингизээрин жазган:

«Ат чабуудан (аламан байгеден) кулаганбы же Көк — бөрү оюнунуна сүңгүп, оюндун кызуусуна кирип кийими баткак, бети башы көрүнбөй а түгүл минип жүргөн атын таппай калганбы айтор бул кыргыздын жигитти күлкү тамаша тартуулады 😀

Ушул жигитти таап берсеңиздер «Камбар ата тукумунан» бирди мингизип коёюн. Келечекте чыгаан саяпкер болсун🔥🔥🔥«,-деген ал.

От admin