Окуучу кызды коюп кетүүгө айыпталган Балыкчы милициясынын мурдагы начальнигине ачылган кылмыш иши токтотулду

Облустук сот тараптар элдешип алганына байланыштуу ушундай чечим чыкканын билдирди.

26-январда Балыкчыда 11 жаштагы кызды сүзүп кеткен айдоочу из жашырган. Окуя резонанс жараткандан кийин милицияга аймактык тескөөчү келип, машинаны өзү айдап баратканын айткан. Бирок тергөө анын агасы — ШИИБдин жетекчиси кырсыктын себепкери экенин аныктаган. Экөө тең кармалып, кызматтан бошотулган. Тергөөнү УКМК жүргүзүп баштаган.
Кийинчерээк жабырлануучу кыздын атасы милиционерлерге койгон дооматынан баш тарткан.

От admin