Балыкчыда унаа сүзгөн 11 жаштагы кыздын абалы туруктуу жана оор. Бул тууралуу журналисттерге жалпы медициналык практика борборунан билдиришти.

«Бейтап дагы эле жандандыруу бөлүмүндө жатат, аны бүгүн травматология бөлүмүнө которуу пландалууда. Кечээ анын жамбаш сөөгү сынгандыктан бир литрдей кан жоготкондуктан кан куюлган. Эртең менен анализдери жакшы болду. Баш мээси катуу тийгендиктен бир аз баш оорусу бар, сынган жери да ооруйт»,- дешет алар.

Дарыгерлер башы жабыркагандыктан наркоз бербөө үчүн операцияны кийинкиге калтырууну чечишкен. Дарыгерлер анын абалынын турукташуусун күтүп жатышкандыгын айтышты.

Аэ эми окуучу кыздын атасы Sokol.media сайтына кызы учурда абалы жакшы экендигин, бирок дагы көп дарыланаарын айтып ыраазычылыгын билдирди.

Эске салсак, 26-январда Балыкчы шаарында окуучу кызды унаа сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Бул туурасында жабыркаган окуучу кыздын атасы Байгазиев Максатбек Акунович Sokol.media сайтына кайрылды. Атасынын айтымында анын кызын сүзгөн адам Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Казакович болгон.

Кийин ИИБнын башчысы Бектур Осмонбаев кармалып, ИИМдин ички иликтөө кызматына жеткирилди.

Андан ары тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн ал УКМКнын тергөө кызматына өткөрүлгөн.

От admin