Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ар намысын жана кызматтык репутациясын коргоп берүүнү суранып Ленин райондук сотуна кайрылган. Материалдык жана моралдык зыянга 10 миң сом сурады. Ал аны «черный хирург» деп атаган депутат Жусупбек Коргонбай уулу тууралуу мындай деген:

“Кимдир бирөө аны токтотуш керек да. Эми ал кедей депутат. Мен аны 1 сомго баалайм, бирок символикалуу болсун деп 10 миң сом өндүрүүгө көндүрүштү”, — деди Бейшеналиев.

Буга чейин Коргонбай уулу ЖКнын жыйынында аны уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар деп айткан.

“Черный хирург” деген каймана аты бар экен. Кримтөбөл Рысбек Акматбаевди жана башка кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жашыруун операция кылып жүргөн. Бул министр болуп келгенден бери эле ооруканаларда эне-балдар өлүп жатат. Кадрдык башаламандык болууда”, — деген эл өкүлү.

Бейшеналиев муну четке кагып, ал сунуштаган адамды кызматка дайындабай койгондуктан өч алып жатканын айткан.

От admin