Ысык-Көл облустук телерадиокомпаниясы Орусиянын эки аймактык каналы: Свердлов райондук телерадиокомпаниясы жана Челябинск облустук телекөрсөтүүсү менен кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюшту. Бул тууралуу КР Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти.

«Ысык-Көлдө туризм тууралуу ар кандай видеороликтерди тартабыз, орустар өз телеканалдарынан көрсөтөт», — дейт Ысык-Көл облустук телерадиокомпаниясынын директору Гүлнура Баякунова.

Жалпысынан Кыргызстанга россиялык маалымат каражаттарынын 17 өкүлү келди. Алар үчүн Ысык-Көлдүн кооз жерлерине пресс-тур уюштурулду.

От admin