/Сокол Медиа/ — Ысык-Көлдө жаранды сабап өлтүргөнгө шектелип, төрт адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 14-март күнү Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө Балыкчы-Чолпон–Ата-Каракол автожолунан 25 метр аралыкта, Өрнөк айылынын күн батыш бөлүгүндө белгисиз адамдын өлүгү табылгандыгы тууралуу жергиликтүү тургундардан телефон аркылуу билдирүү келип түшкөн.
Бул маалымат боюнча окуя болгон жерге Ысык-Көл РИИБдин ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери жана жетекчилиги дароо келишкен. Текшерүү учурунда эстакаданын жанынан 30-35 жаш курактагы азият түспөлүндөгү эркек адамдын киши колдуу болгон жансыз денеси табылган. Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин КБРине катталып, тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш – жаза кодексинин 122-(Адам өлтүрүү) беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө каза болгон адам Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы курулушта убактылуу иштеген Бишкек шаарынын 37 жаштагы тургуну Ч. Н. болуп чыкты.
Андан аркы жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдүн изине чыгышып, аларды кармашты. Алар: Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылынын тургундары 27 жаштагы И.Б., 28 жаштагы К.Ж., 24 жаштагы Ж.А. жана 28 жаштагы К.К. болуп чыгышты. Алдын ала суракта, шектүү катары кармалышкан жарандар жасаган кылмышы үчүн өздөрүнүн күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышты.
Шектүүлөрдүн айтымында, жабырлануучу менен 27 жаштагы И.Б. ортосунда жеке пикир келишпес мамиле түзүлгөн. Натыйжада, 13-март күнү И.Б. достору менен жабырлануучуну курулуштан чакырып, андан кийин аны автоунаа менен Өрнөк айылына алып чыгып, ал жерден сабап өлтүрүшкөн.
Шектүүлөр райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди жана сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганча убактылуу кармоочу жайына киргизилди.Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.



