Буга чейин ырчы Бакас ага шылуундар чалып, министрликтин атынан бирөө чалып, Чынгыз Эсенгуловдун атын атап жардам сураганын айткан.

Маданият министрлиги мекеменин атын жамынган шылуундар пайда болгонун эскертет. Алар өнөр адамдарына байланышып, министрликтин жетекчилеринин атын атап, “жардам керек”, “сыйлык алып берем”, “акча которуңуз” деген сындуу ар кандай шылтоолорду айтышат.

Министрлик эч кимге ишенбөөгө, жеке маалыматтарды бербөөгө чакырып, мындай учурда сак болууну эскертет.

От admin