ЖКККББнын Басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 1-июлдан тартып, 7-июлга чейин, 21 036 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-245;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -191;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-39;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1013;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-4 431;
-Авто ээнбаштык — 9;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4 011;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 3;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 094;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 539 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.