Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык салтанат өттү.

Иш-чарага биринчи айым Айгүл Жапарова, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев, ошондой эле өлкөгө эмгек сиңирген ишмерлер, борбор калаанын ар кайсы тармагынан келген активист аялдар катышты.

Шаар башчысы Айбек Жунушалиев куттуктоо сөз сүйлөп, жалпы айымдарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана алдыга койгон максаттарынын ишке ашышын каалады.

«Бүгүн сиздер эң сонун очок сактоочулары болбостон, өз ишиңиздердин профессионалдарысыздар. Анткени, сиздер борборубуздун турмушуна жигердүү катышып, сүйүктүү Бишкек шаарынын өнүгүшүнө салым кошуп жатасыңар. Силердин аркаңарда үйлөрүбүз жайлуулукка жана жылуулукка толуп жатат!”, — деп кошумчалады мэр.

Андан соң майрамдык концерттик программанын алкагында бий жана музыкалык топтор өз өнөрлөрүн тартуулашты.

От admin