2024-жылдын 25-27-февралында КР КК Улуттук гвардиясынын аскер кызматчылары Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөн эркектер жана аялдар арасында армиялык кол уруш боюнча чемпионатына катышышты.
Эки жүздөн ашуун спортчулар катышкан чемпионатта Улуттук гвардиянын аскер кызматчылары өздөрүн жогорку деңгээлде көрсөтүп, байгелүү орундарга татыктуу болушту.
Жогорудагы чемпионатта аскер кызматчылары орундарга төмөнкү салмак категориясында ээ болушту: 1 –орун 70 кг гвардиянын катардагы жоокери Жениш у Марлен, 3-орун 70 кг гвардиянын сержанты Жолдош у Таласбек. жана 3-орун 57 кг гвардиянын сержанты Сталбек у Рустам.

От admin