Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатынан алтын утту. Бул тууралуу Кыргызстандын суу спорту федерациясынан билдиришти.

Турнир учурда Филиппинде өтүп жатат.

Кыргызстандык спортчу брасс ыкмасы мененг 50 метр аралыкка биринчи болуп сүзүп келген

Петрашов 27,87 секунд убакыт көрсөтүп, биринчи орунду ээледи. Алдын ала жарыштардын жыйынтыгы боюнча ал эң жакшы жыйынтык менен финалга өттү. Финалдык сүзүүдө кыргызстандык 27,67 секунд жыйынтыгын жакшыртып, биринчи болуп, Азиянын жаңы чемпиону болду.

29-февралда Петрашов 200 метрге брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча мелдешке катышып, чемпиондук титулун коргойт.

От admin