Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Кызыл-Кыя айылынын тургуну чагылгандан улам каза болду. Бул тууралуу Турмуш басылмасы аймактык кабарчысына таянып жазды.

Маалыматка караганда, кечээ, 19-июнь күнү саат 09:20 чамасында Ж. уулу Д. талаада чөп жыйнап жүрүп, телефон менен суйлөшуп турган убакта чагылган түшүп, көз жумган.

Жанында иштеп жаткан айылдаштары Ж. уулу Д.ны үйүнө алып келип, жансыз денесин ата-энесине тапшырышкан.

Маркум бүгүн, 20-июнда жерге берилди. Анын артында келинчеги жана 1 кызы калды.

От admin