Өткөн жуманын эс алуу күндөрү Токмок шаарында 1993-жылы туулган жигиттер демилгеси менен чоң самаалык болуп өттү анда Чүй жана Ысык-Көл облусунун 1993-жылкы жиггиттеринен түзүлгөн командалар спорттук мелдештерде күч сынашышты. Эң негизги беттеш кичи футболдо орун алып 12 команда катышты. Мындан сырткары командалык аркан тарттыш жана катышуучулардын илегин сынаган кол күрөш жана гиря көтөрүү боюнча мелдеш өткөрүлүп, салмагына карап үч топко бөлүнүштү.

Кичи футбол боюнча мелдештин финалдык бөлүгүндө Кара-Кол жана Арчалы жааты күч сынашты.
Оюн алгачкы берилген убакытта жеңүүчүнү аныктай алган жок. Ошентип пенальтилер сериясына кезек келип алыстан келген Кара-Кол шаарынын курамасы мөрөйдү илип кетти.
Командалык аркан тартышта иш-чараны өткөрүп жаткан тарап Токмок шаар жоон билек бальбандардан куралганын далилдеди.
Спорттук беттештерден соң сый тамак тартылып, сыйлоо аземи орун алды.

Мелдеш өткөрүү эстафетасы футбол онунунда чемпион аталган Кара-Кол шаарына өттү

От admin