Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатына жана Эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Окуу-машыгуу жыйыны 22-июнда башталган, 14-июлга чейин уланат.

Курама команданын тизмеси

  • Айсулуу Тыныбекова (62 кг);
  • Айпери Медет кызы (76 кг);
  • Мээрим Жуманазарова (68 кг);
  • Дилназ Сазанова, Жаркынай Нурлан кызы (65 кг);
  • Нурзат Нуртаева, Кайыргүль Шаршебаева (72 кг);
  • Айдай Нуридинова, Айтолкун Медет кызы, Таңчолпон Кыбалбекова, Акылай Чыныбаева, Азиза Келдибекова, Бермет Нурдин кызы, Калмира Билимбекова (57 кг);
  • Гүлнур Таштанбекова, Элина Бакытова (69 кг);
  • Арууке Кайыкбекова Албина Салымбекова (55 кг);
  • Аяна Асаналиева (59 кг);
  • Азема Калидинова (48 кг);
  • Асема Төрөгелдиева (50 кг);
  • Айжаркын Жаныбекова (53 кг);
  • Рысбек Максүтов спаринг-өнөктөш;
  • Икром Максат уулу спаринг-өнөктөш;
  • Байгазы Кенжебаев улук машыктыруучу;
  • Нурбек Изабеков башкы машыктыруучу.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2023-жылга карата окуу-машыгуу жыйындарынын календардык планына ылайык өткөрүлүп жатат.

От admin