Ташиев үй-бүлөдөгү зордук-зомбулука кабылган кыз-келинчектерди УКМКга кайрылуусу керектигин эскертип фейсбук баракчасына билдирүү калтырды:

«Урматтуу мекендештер!

Кадамжай районунда куйоосунун токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин тагдыры ото аянычтуу болду.

Атайын кайрыламын,урматтуу кыз-келиндер!

Эгерде сиздерге зордук-зомбулук корсотулуп жатса тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кенселерине кайрылыныздар!

Энелерди,аялдарды,кыз-келиндерди сактап,коргоп жана жардам берууго биз милдеттуубуз!

Эне бар,уй було бар,Мекенибиз болот!

12.01.2024 Баткенге карай аба мейкиндик жолунда ,саат 08-30 «,-деп жазган ал.

Эске салсак, Баткен облусунун Кадамжай районунда 22 жаштагы келинди күйөөсү муунтуп өлтүргөнгө шектелди. Маркумдун жакындары күйөө баласы буга чейин да зомбулук көрсөткөнүн айтып, кылмыш боюнча акыйкат тергөө болуп, күнөөлүү мыйзам чегинде жазасын алуусун суранышып, президентке жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.

Бүгүн, 12-январда Камчыбек Ташиев окуяга байланыштуу Баткенге учуп кеткенин айтып, жогорудагыдай кайрылуу жасаган.

От admin