Индияга турист болуп барган кыргызстандык аял каза болгон. Бул туралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

5-январда Индиядагы элчиликке Ришикеше шаарындагы отелдин номеринен асынып калган кыргызстандык аялдын сөөгү табылганы тууралуу кабар түшкөн.

Калаанын полициясы Кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын баштады.

“2024-жылдын 8-январында маркумдун сөөгү Кыргызстанга жеткирилип, туугандарына өткөрүлүп берилди”, — деп айтылат маалыматта.

Индиялык ЖМКлар 32 жаштагы аял туристтердин тобу менен өлкөгө 12-декабрда киргенин жазды.

От admin