КР УКМК тарабынан К.Асанбектин жана ага тиешеси бар адамдардын мыйзамсыз алынган мүлктөрүн аныктоо боюнча көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР жараны Р.М.Т. кармалды. Маалыматты УКМКнын Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Р.М.Т. К.Асанбектин кылмыштуу жол (рэкет, опузалоо, ишкерлерден опузалап алуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен алынган мүлктөрүнүн мыйзамдуулугун көрсөтүү максатында өзүнүн атына каттатып, кийин айрым саясатчыларга өткөрүп бергени аныкталды.
Тактап айтканда, 2020-жылдын октябрь айында М.Рамонов 2015-жылы чыгарылган “Мерседес-Бенц S600” брондолгон унаасын КР экс-премьер-министри С.Исаков абактан чыккандан кийин ага өткөрүп берген. Андан кийин 2020-жылдын 5-октябрында С.Исаков айрым саясатчылар менен биргеликте бул унааны борбордук “Ала-Тоо” аянтында массалык баш аламандык уюштуруу аракетинде колдонгон.

От admin