Бүгүн Балыкчы шаарынын Озерная кѳчѳсүндөгү кѳлмѳдѳ 2 бала муз тээп жатып, сууга түшүп кеткен. Шаардык ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкери Амантур Бакиров тоңгон сууда калган балдарды куткарып чыкты. Маалыматты Ысык-Көл ОИИБси билдирди.

«Жерине ыкчам түрдө Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жана авариялык куткаруу унаасы тартылган. Амантур Бакиров чала тоңгон көлмөнүн музун жирей сүзүп, өз жандары үчүн күрөшүп жаткан балдарды куткаруучу шаймандардын жардамы менен ӨКБнүн кызматкерлери менен бирдикте аман алып калды.

Жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, «Тез жардам» кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда балдардын абалы жакшы, бейтапканада дарыгерлердин көзөмөлүндө»,-деп айтылат маалыматта.

Өткөн жылы дагы көлгө секирип, өзүн өлтүрүүгө аракет кылган кызды ШИИБдин милициянын аймактык ыйгарым кызматкери Амантур Бакиров куткарып калган-деп кошумчалашты алар.

От admin