Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан «УСТА» курулуш материалдары базарындагы чарба жүргүзүүчү субъекттерге ылайыктуу шарттарды түзүүнүн алкагында, ижарачылардан ижара келишиминде каралбаган акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу, ошондой эле өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталды. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында ар бир ижарачыдан ай сайын мыйзамсыз түрдө 5 миң сомдон 50 миң сомго чейин акча каражатын чогултуп жүргөн базардын коммерциялык директору кармалды.
Мындан тышкары, ижара төлөмдөрүн 30% кыскартуу боюнча жетишилген макулдашууларга карабастан, администрация кирешесинин азайышына жол бербөө жана салыктарды төлөөдөн качуунун максатында арендалык келишимдерде каралбаган кошумча акча каражаттарды алдамчылык жана мыйзамсыз түрдө ижарачылардан алууну уланткан. Ошол эле учурда базардын администрациясы жеке ижарачылар менен ижара келишимин түзгөн эмес.
Бул кылмыштуу аракеттери менен базар жетекчилиги ижарачылардан чогултулган акча каражаттарын мыйзамсыз чогулткан жана мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качкан.
Ыкчам иликтөө иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 2024-жылдын 7-январында «УСТА Билдинг» ЖЧКсынын коммерциялык директору «М.М.М.» кармалды жана Бишкек шаарынын ШИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул фактыга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

От admin