Түштүк Кореянын EBS теле каналынын чыгармачыл жамааты эң жаш манасчы Бекжан Базарбаев тууралуу тасма тартышты. Бул тууралуу Манас Улуттук Академиясы билдирди.

Маалыматка караганда, Жибек Жолу аркылуу “Дүйнөлүк саякат” деген теманын алкагында, бүткүл Орто Азияны кыдырып, анын ичинен Кыргызстандын дагы тарыхый, маданий жайларын, ошондой эле манасчылык өнөрүн да чагылдырууну башкы максат кылып келишкен.

Бул жолу чыгармачыл жамааттын котормочусу Каныбек Олжобаев эң жаш манасчы Бекжан Базарбаевдин тартылуусун сунуштаган.

«Тасманын бир бөлүгү “Манас” улуттук академиясынын “Кереге кеңеш” студиясында тартылып алынган соң, көрсөтүүнүн продюсери Баң Сеең, алып баруучу Яң Ужчжин, оператору Ким Чжехен жана жаш манасчы Бекжан Базарбаев, “Манас” улуттук академиясынын Президенти Талантаалы Бакчиев менен жолугушуп, баарлашышты«,—деп айтылат маалыматта.

От admin