Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы жарандык пикирин айтып, каршы турууга чакырганы үчүн активист Афтандил Жоробековго кылмыш иши козголуп, камалганын сынга алды.

Уюм кыргыз бийлигинин бул кадамын жарандардын ачык пикирин билдирүүсүн жана тынч чогулуу укугун чектөө деп билдирди.

Human Rights Watch уюму Афтандил Жоробековдун камалышы Кыргызстанда адам укугунун абалы начарлап бараткан учурга туш келгенин белгиледи.

Парламент адамдын фундаменталдык укуктарын — анын ичинде сөз эркиндигин жана тынч жыйынга чогулуу укуктарын чектөөчү мыйзам долбоорлорун карап жатат.

«Бийликти сындоо жана тынч жыйындарга чакыруу — массалык башаламандык уюштуруу болуп саналбайт жана албетте, бул кылмыш эмес. Ал бийликтин демилгесине каршы тынч жыйынга чакырганы — пикир айтуунун корголгон формасы, — деп билдирди уюмдун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Сыйнат Султаналиева, — Кыргызстандын бийлиги Жоробековго каршы осол (абсурд) ишти токтотуп, анын сөз эркиндигин жана тынч жыйынга чыгуу укугун коргоп бериши керек».

7-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековду милиция суракка чакыргандан кийин камаган. Анын бөгөт чарасын Бишкектин Свердлов райондук соту 8-декабрда кечинде карап, эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жоробековго Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык башаламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш ишин козгогон.

От admin