Бишкекте тишин дарылоо учурунда чарчап калган үч жашар Алия Кубанычбекованын окуясы боюнча Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Мекеменин басма сөз кызматы бардык экспертизалар дайындалганын, тергөөнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынарын билдирди. Маалымат боюнча, милиция кызматкерлерине тапшырмалар берилип күбөлөр суралууда.

Алия Кубанычбекова 18-декабрда Бишкектеги жеке клиникалардын биринде алты сааттык операциядан кийин чарчап калганы маалым болгон.

Наристенин жакындары коомчулукка акыйкаттык издеп кайрылды. Атасынын айтымында, 3 жаштагы кызынын төрт тишине кариес түшүп, “Дентомакс” жеке стоматологиялык клиникасына тазалатканы алып барышкан. Ал жакта кызга “Севоран” газын (жеңил наркоз) жыттатып тишин тазалай турганын айтышкан. Дарылоо жалпы 106 миң сомго бааланган. Дарыгер бул процесс КММА медициналык борборунда болорун айткан.

Эртеси күнү дарылоо аталган борбордо “Дентомакстан” келген тиш дарыгер, анестезиологдун катышуусунда болгон. Тилекке каршы, ал жакка 11.40та кирген кыз кечки 18:30да чарчап калганын айтышкан. Дарыгерлер кыздын жүрөгү токтоп калганын билдирген.

Жакындары анын денесине ийне сайгыланганын билдирип, шалаакылык кылган дарыгерлерге чара көрүүнү суранууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги окуя боюнча комиссия түзүлүп, стоматологиялык клиникалардын иши убактылуу токтотулганын билдирди. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

От admin