«Манас» терминин жана «Манас» эпосунун баатырдык оң каармандарынын, атап айтканда Манас, Семетей, Сейтек, Бакай, Каныкейдин ысымдарын Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн алкоголдук продукциянын жана тамеки заттары аталыштарында колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду. Анын демилгечиси — депутат Тазабек Икрамов.

«Позитивдүү каармандар – Манас, Семетей, Сейтек, Бакай, Каныкей – өз элине чексиз берилгендик, өжөрлүк, чыдамкайлык, кайраттуулук менен тапкычтык, мекендин кызыкчылыгы үчүн жанын курмандыкка чалууга даяр турган чыныгы баатырлардын сапаттары менен жабдылган. «Манас» баатырдык эпосу да андагы баяндалган окуялардын реалдуу негизи бар, кыргыз элинин тарыхын чагылдырганы менен кымбат.

Коомдук фонддордун жетекчилери, ошондой эле манасчылар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине эпосту мектепке чейинки жана мектептик билим берүү программаларынын алкагында кеңири жайылтууну күчөтүү боюнча бир нече жолу сунуш киргизишкен. Ошондой эле, пайдаланууга тыюу салууну сунушташкан. «Манас» эпосунун баатырдык оң каармандарынын, атап айтканда Манас, Семетей, Сейтек, Бакай, Каныкейдин ысымдарын Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн алкоголдук продукциянын жана тамеки заттары аталыштарында колдонууга тыюу салуу.

 Анткени, алкоголдук ичимдиктер аты аркылуу адамдар арасында таптакыр башка баалуулуктар өкүм сүрө баштаган. Чынында эле, алкоголдук ичимдиктерди ичүү көптөгөн элдерде салтка айланган жана бүгүнкү күндө адамдар муну эмне үчүн жасоо керек экенин көптөгөн себептер менен табышат.

Миллиондогон жаштардын ден соолугун ушунчалык туруктуу жана аёосуз бузуп, адамдын бардык ткандарын жана органдарын, адамдын акыл-эсин жана инсандыгын кескин түрдө кыйратып, акыры аны эрте өлүмгө алып баруучу алкоголдон өткөн жамандыкты табуу кыйын», — деп айтылат маалыматта.

От admin