Коомчулукта кызуу талкууга алынып, элдин нааразычылыгын жаратып жаткан желектин өзгөрүшү боюнча маселеге чекит коюлду. Анкени Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун 1,2,3-окууда кабыл алды. Эми көпчүлүккө суроо жараткан маселе туу өзгөргөндөн кийин документтер кандай болот?

ЖК кабыл алган мыйзам долбоорунда мындайча жазылган:

Азыркы үлгүдөгү туунун сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат. Жаңысын берип жатканда (паспорттор, айдоочулук күбөлүк) өзгөргөн желектин сүрөтү түшүрүлөт;

Документтин жарактуулук мөөнөтү жок болсо мамлекеттик орган аны алмаштыруу чечимин кабыл алганга чейин пайдаланылат;

Унаалардын номерлерине, транспортту каттоо жөнүндөгү күбөлүктөгү желектин сүрөтү да бийлик атайын чечим менен тыюу салганга чейин жарактуу болот.