1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Бишкек шаарында иш-чаралар өткөрүлөт.

9-майда саат 10:00дө Жеңиш аянтында Өчпөс отко гүл коюу менен митинг-реквием болот. Ошондой эле «солдат» боткосу жана майрамдык концерт уюштурулат.

Борбор калаанын райондорунда, тактап айтканда, Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында, Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жана Панфилов атындагы сейил бактарында концерттик программаны уюштуруу менен майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

Мындан тышкары борбор калаадагы бардык билим берүү уюмдарында эсте каларлык датага байланыштуу  ачык сабактар, сынактар ​​жана башка иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 9 ардагери жашайт.

От admin