Аксыда 17 жаштагы өспүрүм көкүрөгүнө бычактан жаракат алып каза болгондугун Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 5-декабрь күнү Аксы РИИБге 2006-жылы туулган өспүрүм көкүрөгүнө бычактан жаракат алып, жараатынан улам каза болуп калгандыгын билдирген. Бул окуя Аксы РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
«Козголгон кылмыш ишинин алкагында окуяга шектүү катары Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын тургуну 2007-жылы туулган окуучу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген»,- деп айтылат маалыматта.