Б.Бейшеналиева атындагы КММИУ “Музыкалык искусство”, “Маданияттын тарыхы жана теориясы” адистиктери боюнча аспирантурага кабыл алууну жарыялайт.
Төмөндөгү документтер талап кылынат:
- Арыз;
- Өздүк баракча;
- Өмүр баян;
- Мүнөздөмө (жолдомо);
- Сүрөт (3х4) 3 даана;
- ЖОЖду бүткөндүгү тууралуу дипломдун көчүрмөсү, (нотариустан тастыкталган);
- Илимий изилдөө иштери боюнча маалымат;
- Илимий жетекчисинин макулдугу жана кафедра отурумунун протоколунун көчүрмөсү;
- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- Паспортунун көчүрмөсү;
- Бардык иш кагаздар пластикалык дискте берилет (флешка).
Документтер 2023- жылдын 11-декабрынан 22-декабрына чейин кабыл алынат.
Биздин дарек: Бишкек шаары, К.Жантөшев көчөсү 113.
Байланыш телефондор: Аспирантура бөлүмү: 51- 08-36 , 0708 71-59-03.
(Каттоо № G2023-0006, ЛИЦЕНЗИЯ № 2023-0073, серия № LS 2300001027)
Белгилей кетсек, буга чейин аталган окуу жайда аспирантура бөлүмү болгон эмес.