Бишкекте таксистке кол салган жарандар кармалды. Мааылматты Чүй облустук милициясы билдирди.

“52 жаштагы кишини 6-декабрга караган түнү Луговое айылында эки адам тоскон. Алар унаага отуруп 500 метрдей жылгандан кийин бирөөсү таксисттин сол тарабынан бир нече жолу бычак урган. Кылмышкерлер машинадан акча, телефон алып из жашырып кеткен”, — деди милициядан.

 Жабырлануучу ооруканада жатат. Бул окуяга шектелип 38 жана 20 жаштагы жарандар кармалган.

От admin