Талас районундагы Көк-Кашат айылынын тургуну майыптыгы бар Эрмек Бактияр уулуна жаңы үй куруп берилди.

Муфтияттан билдиришкендей, демилге айыл имамы Бакыт Сатыбалдиев жана айыл тургуну Осмон Сарымсаков тарабынан көтөрүлгөн.

Демилгени айыл эли колдоп, 1 млн 200 миң сом чогулган. Жалпы аянты 18 сотых болгон үйдүн короосунда жаңы тамдын дубалы тургузулуп, короо-сарайы менен бүткөрүлгөн.

Ак өргөөлүү болгонуна кубанган Эрмек Бактияр уулу айыл элине ыраазычылык билдирди.

Казыяттан белгилешкендей, аталган айыл элинин ынтымагы бекем.

От admin