Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлерди текшерүүгө жана айып пул салууга жарым жылга мораторий киргизилди. Бул тууралуу 4-декабрда «Азаттыкка» Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов билдирди.

Ал мындай чечим Бишкектеги жана башка аймактардагы чоң-чоң базарлардын соодагерлеринин Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы нааразылык акцияларын иликтөө үчүн президент Садыр Жапаров түзгөн жумушчу комиссиянын жыйынында кабыл алынганын айтты.

«Жарым жыл түшүндүрүү иштери гана жүргүзүлөт. Эл жаңы системага көнүп, үйрөнгүчө эч кандай айып пул салынбайт. Текшерүү да болбойт. Жогорку жетекчилер бул убакытта жетишпесе, мораторий дагы узартыларын айтып жатат. Бул базарларда жана жалпы эле соода тармагында иштегендерге тиешелүү», — деди Кыдыргычов.

Ал мындан тышкары 30 миң Көзөмөл-кассалык машинелерди сатып алып, ишкерлерге бекер таратып берүү тапшырмасы берилгенин кошумчалады.

4-декабрда Бишкектеги «Дордой Моторс» базарынын соодагерлери ККМге каршы нааразылык акциясына чыгышкаг. Алар менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жолугуп, ишкерлер койгон талаптарды ишке ашыруу үчүн бир катар мыйзам, токтомдорго өзгөртүү киргизүү керек экенин айткан.

Ушул эле күнү Токмок шаарындагы «Булак» базарынын соодагерлери да ККМ колдонууга каршы экенин билдирип, патент системасын калтырууну талап кылышты.

Кыргызстанда өткөн жумада базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан. 29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги «Дордой», «Мадина», Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу «Аламүдүн», Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышкан. 2-декабрда ушундай эле талап менен Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан «Кудайберген» базарынын соодагерлери иш таштаган.

Бул окуялардан кийин президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразылыкты иликтөө үчүн жумушчу комиссия түзгөн.

Кыргызстанда базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип, ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын билдирип келет.

Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ.

От admin