Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө “Манасчылар” даректүү тасмасынын бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тасма Кинематография департаменти, Т.Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы жана Кыргыз улуттук «Манас» театры менен биргеликте тартылган.

Тасмада манасчылыктын касиети, түшкөн аяндар жана манасчылардын дастан айтып жаткандагы абалы сүрөттөлөт. Тасмага Назаркул Сейдрахманов, Рыспай Исаков сындуу бир катар белгилүү маснасчылар тартылган.

Тасманын режиссеру — Токтобек Үсөнов. Ал буга чейин кыска метраждуу бир катар тасмаларды тартып келгени менен белгилүү.

Даректүү тасманын бет ачарына Кыргыз Республикасынын Баатырлары Миталип Мамытов, Алиясбек Алымкулов, академик Абдылдажан Акматалиев, Азиз Биймырза уулу жетектеген Кыргыз улуттук «Манас» театрынын эмгек жамааты, акындар, маданият өкүлдөрү катышты.

От admin