Баткен районундагы айылдардын биринде 10-класста окуган кызды зордуктоого шектелип 31 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Турмуш кж басылмасы өздүк булактарына таянып билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган адам 3 баланын атасы болгон.

Бул маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тастыктап, шектүүгө зордуктоо беренеси боюнча кылмыш иш козголуп, 2 айга убактылуу кармоо жайына киргизилгенин билдирди.

От admin