Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жана билим берүү уюмдары
ортосунда биргелешип, мектеп окуучулар арасындагы укук буузулардын,
кылмыштардын келип чыгуусун алдын алууга, окуучулар арасында мекенди
сүйүүгө, өсүп келе жаткан жаш муунду мыйзамдуу өлкөдө тарбиялоого үндөө
максатында «Милициянын жаш достору» атындагы республикалык кароо-сынагы
уюштурулуп өткөрүлдү.
        Кароо-сынак 2023-жылдын 24-ноябрь күнү башталып, онлайн байланыш
аркылуу Бишкек шаардык жана Чүй облустук ИИББнын, Ош шаардык жана
облустук ИИБдин жыйындар залында өткөрүлүп жатат.
        Жалпысынан кароо-сынакка республика аймагынан командалар катышып,
өзүлөрү даярдаган программасын көрсөтүштү.
Кароо-сынактын максаты: — балдардын укуктук билимин өстүрүү, -билим
берүү мекемелеринде укуктук милдеттерди сактоо, — балдар арасында өз ара
укуктук тарбия иштерине көмөктөшүү, ИИОнун алдын алуу каттосунда жана
жалпы билим берүү уюмдарынын ички каттосунда турган окуучуларды
көзөмөлгө алуу жана туура багыт берүү, — жалпы билим берүү мекемелеринде
уюштурулган ар кандай массалык иш-чараларга активдүү катышуу, —
окуучуларды сапаттуу билим алууга, ден тарбиясын чыңдоого жана
башкаларга үлгү болууга тарбиялоо, болуп эсептелет.
Кароо-сынак атайын түзүлгөн калыстардын жыйынтыгы менен биринчи орун Ош
областынын командасы, экинчи орунду Бишкек шаарынын командасы, үчүнчү
орунду Ысык-Көл областынын командасы алып Кыргыз Республикасынын Ички
иштер жана Билим берүү жана илим министрликтеринин өкүлдөрү тарабынан
сыйлуу белектер тапшырылды.                                             
               

От admin